ВКП(б)нин он жетинчи съезди

Википедия дан

ВКП(б)нин он жетинчи съезди - 1934-ж. 26-январдан 10-февралга че­йин Москвада өткөн.

Ага партиянын 1 872 488 мүчөсүнөн жана 935 298 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү до­буш м-н 1225, кеңеш берүүчү добуш м-н 736 делегат катышкан. Анда БК­нын, Борб. текшерүү комиссиясынын, БККнын, Коминтерндин Аткаруу комитетиндеги ВКП(б)нин делегациясынын отчёттору, 2-беш жылдык план, парт, жана сов. курулуштун уюштуруу маселелери талкууланып, партиянын борб. органдары шайлан­ган; ВКП(б) БКнын саясий багыты, практикалык иши бир добуштан жактырылып, эл аралык абалга терец анализ жасалган; биринчи беш жыл­дык план мөөнөтүнөн мурда (4 жыл 3 айда) аткарылышына байланыштуу чарб. ийгиликтерге баа берилип, СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн 2- беш жылдык планын (193337) түзүү үчүн директива кабыл алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.