Вавилов Сергей Иванович

Википедия дан

Вавилов Сергей Иванович [12(24).3.1891, Москва 25.1.1951, ошол эле жер] орус физиги, мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССР ИАнын академиги (1932; корреспондент мүчө, 1931). 1914-жылы Москва Университетин бүткөн. 1914-18-жылы аскер кызматында. 1918-32-жылдарда ММУда иштеген (1929жылдан Физика жана биофизика институтунун физикалык оптика бөлүмүнүн башчысы. 1932-жылдан СССР ИАнын Физика институтунун директору. 1932-45-жылы Мамлекеттик оптика институтунун илимий жетекчиси. 1945-51-жылы СССР ИАнын президенти. Вавилов физикалык оптиканы, айрыкча люминесценциянын табиятын изилдеп, люминесценциялоочу эритмелердин теориясын түзгөн жана анын кээ бир закондорун ачкан. Бүткүл союздун илимий билимдерди таратуу коомунун алгачкы жетекчиси (1947-жылдан) жана БСЭнин (Большая Советская Энциклопедия) 2-басылышынын башкы редактору (1949-51). СССР Жогорку Советинин (2-3-шайланышы) депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынынлауреаты (1943, 1946, 1951, 1952; акыркы экөө өлгөндөн кийин ыйгарылган). Эки Ленин, Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Вавиловдун ысмы Санкт-Петербургдагы мамлекеттик Оптика институтуна коюлган. 1951-жылы Вавилов атындагы алтын медаль белгиленген. Эмгеги: Собрание сочинений Т. 1-4. М., 1952-1954.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]