Вагонетка

Википедия дан

Вагонетка (фр. wagon деген сөздун кичирейтилген туру, wagonnet) — кууш колеялуу темир жөнүндө чубурма ма­териал ташылуучу ачык вагон.

  • Вагонетка кузовдон, рамадан, дөүгөлөктөрдөн жана автоматтык илиништиргичтерден, турат. Ташыла турган жукке жараша платформа түрүндө, оодарылма кузовдуу жанa ачылма капталдуу болуп жасалат да, локомотив менен сүйрөтүлөт же өзү жүрөт.
  • Шахталарда, карьерде, курулушта колдонулуп, 5—10 т жүк ташый алат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.