Ваза

Википедия дан

Ваза (французча  vase, латынча vas – идиш) – бир эле утилитардык эмес, жасалгалык да мааниси бар, көркөм, турмуш-тиричилик идиши. Жасалгалык идиштер алгачкы коомдун көркөм өнөрүндө эле белгилүү болгон. Ал ритуалдык, салтанат үчүн пайдаланылган идиштер деп аталган (б. з. ч. 900–400-ж. Европадагы гальштат маданиятынын коло жана керамикалык идиштери). Байыркы Грецияда IX–XI к. ортосунда формасы жана милдеттери б-ча ар түрдүү, бирок жасалга идиштеринин келечектеги типологиясын көп мезгилге чейин чечип койгон керамикалык В-лардын классикалык түрлөрү пайда болгон (к. Байыркы грек идиштери макаласын). Кайталангыс типтеги идиштердин көп түрү Азия мамлекеттерине таандык: биздин заманга чейин III–II миң жылдыктагы кытай турмуш-тиричилик, ритуалдык, коло жана керамикалык идиштер өзгөчө, бай жана көп түрдүү (к. Кытай идиштери макаласын). Орто кылымда чиркөө-ритуалдык (потир) өзгөчөлүктөргө жооп берген, тиричилик багытындагы (кол жуугуч-акваманил), улуттук традициядагы идиштин түрлөрү пайда боло баштаган. Мындан сырткары, мармар, таш, айнек В-лар болгон. Кайра жаралуу доорунан баштап, В-лар (металл, майолика, фаянс, фарфор) антик үлгүлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн сактоо менен көркөм стилдердин көп түрдүү белгилери менен байытыла баштаган. Фарфор, айнек, таштан жасалган монументалдык В-лар XVIII к. аягы XIX к. башында тосмо, балюстрада, паракет, андан сырткары парк, салтанаттык интерьерлерди (т. а., Россиядагы Колывань фабрикасынын таш В-лары, императордук заводдордун фарфор жана айнек В-лары) кооздой башташкан. Азыркы учурда В. коомдук жана жеке имараттардын интерьерин жасалгалоо үчүн кеңири пайдаланылат. Траурдук (аза) вазалар урна деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]