Вайбхашика

Википедия дан

Вайбхашика (санскритче: түшүндүрүү, баяндап жазуу) будда салтындагы философиялык мектеп; махаяна жана индуизм мектептеринин башкы оппоненти. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда түзүлгөн. Негиздөөчүсү Васумитра, эң ири теоретиги Васубандху. Бул мектептин философиясы аңсезимдер менен болмуштар агымын түзүүчү жана өткөндөгүдө, учурдагыда, келечектегиде реалдуу түрдө жашап турганды түзүүчү элементтер катары дхармалар жөнүндөгү окууга таянат. Убакыттын бир ирмеми ичинде дхарма өзү пайда болууга, аракеттерди жасоого же кайсы бирлери менен айкалышка кирүүгө, анан, эмки дхармага жол берүү үчүн жоголууга үлгүрөт. Чексиз улана берүүчү бул процесс «дхармалардын толкуну» катары жазылат. Турмуштук агымдарда дайым айкын көрүнбөгөн, бирок башка дхармаларды толкундаткан, кабатырланткан, капаланткан дхарма (клеш) сөзсүз түрдө болуп турат. Ошондуктан дин-ыйман жактан тазалануу, демек, дхармаклештерди жана аваранды (бошонуунун интеллектуалдык тосмолорунан) түп-тамырынан жоготуу жан дүйнө ыңгайлуулуктарын жаратат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]