Вайда

Википедия дан

Вайда (Wajda) Анжей (6.3.1926-жылы туулган, Сувалки шаары) - поляк режиссёру. Краковдо Көркөм сүрөт искусство академиясында окуган. Лодздагы Кинематография жана театр искусствосунун мамлекеттик жогорку мектебин бүткөндөн кийин (1954) режиссёрдун ассистенти болуп иштеген. «Муундар» кинофильминде (1955; ПЭРдин мамлекеттик сыйлыгы, 1955) 2-дүйнөлүк согуштун акырындагы анти-фашисттик күрөштүн жаш баатырлары тууралуу баяндалат. 1950-60-жылдарда «Канал» (1957), «Күл жана алмаз» (1958), «Лётна» (1959), «Самсон» (1961) фильмдерин койгон. Поляк классиктеринин чыгармаларын экрандаштырган. Вайда киноискусствого сиңирген зор эмгеги үчүн эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына (1998, 2006) татыган. «Мрамордон жасалган адам» (1976), «Наркозсуз» (1978), «Темир адам» (1981), «Дантон» (1983) жана башка фильмдерди тарткан. Оскар сыйлыгынын(2000) жана башка алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]