Вакансия

Википедия дан

Вакансия (французча vacance бош) - кристалл торчонун түйүнүндө атомдун же иондун жоктугу. Бардык кристаллдарда кездешет. Вакансия кристалл торчо менен термодинамикалык тең салмакта жана атомдордун жылуулук кыймылынын натыйжасында пайда болуп жана жок болуп турат. Ал жанаша жаткан атомдор менен орун алмашып, кристаллдагы башаламан, иретсиз кыймылы кристаллда атомдордун диффузиясын пайда кылатынча Ар бир температурага тиешелүү сандагы вакансия туура келет. Металл кристаллдарында эрүү температурасына жакын температурада вакансиянын саны анын атомдорунун 1-2% ын түзөт. Бөлмө температурасында алюминийдин 1012 атомуна 1 вакансия туура келет. Вакансия аз пайда болсо, кристаллдын физикалык касиетине таасир этип, тыгыздыгын төмөндөтөт, электр өткөргүчтүгүн жогорулатат жана башка вакансия металлдарды кайра кристаллдаштырууда, жашытууда, термиялык процесстерде жана башкада чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]