Вакуум насосу

Википедия дан

Вакуум насосу - көлөмдүү туюк идиште вакуумду пайда кылуу үчүн андагы газ менен бууну сордуруп чыгарууга ылайыкталган түзүлүш. Вакуум насосунун таасир этүү принцибине жараша механикалык, агымдуу, сорбциялык, иондук, криогендик болуп бөлүнөт. Механикалык насос 1 к/м2ден (10-2 сымап мамычасында мм) 10-8 н/м2ге (10-10 сымап мамычасында мм) чейинки вакуумду алуу үчүн колдонулат. Агымдуу насосто суюктук же буу агымы сордурулуучу көлөмдөгү газдын молекулаларын кошо агызып кетет. Сорбциялык насосто кээ бир заттардын (Мисалы, Т i, Мо, Zr жана башка) газды сиңирип алуу жөндөмдүүлүгү пайдаланылат. Иондук насостор газды күчтүү электр разряды менен иондоштурууга жана иондошкон молекулаларды электр талаасы менен жок кылууга негизделген. Конденсациялык насостун иштөө аракети төмөнкү температурага чейин муздатылган беттеги газды өзүнө сиңирип ала тургандай болуп жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]