Вакуум спектроскопиясы

Википедия дан

Вакуум спектроскопиясы - оптикалык спектроскопиянын вакуумдук кыска толкундуу ультракызгылткөк (толкун узундугу 200-10 нм) жана жумшак рентген (10дон 0,4-0,6 нмге чейинки) нурларынын аймагында (тилкеси) спектрлерди алуучу, изилдөөчү жана колдонуучу тармагы. Спектрдин вакуумдук аймагында аба толкунду көбүрөөк жуткандыктан, спектрлерди изилдөө үчүн вакуумдук спектр приборлору колдонулатынча Ал приборлордун оптикалык бөлүгү менен кабыл алгычы вакуумдук (10-5 сымап мамычасы ммге чейин ) же инерттүү газ толтурулган камерага жайгаштырылат. Вакуум спектроскопия ыкмасы жогорку температуралуу призмадагы процесстерди, жылдыз жана башка космос объектилеринин спектрлерин изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]