Валер

Википедия дан

Валер (французча  valeur, тике мааниде – «баалуулук», «жетишкендик») – көркөм практикада жарык менен көлөкө түстөрүнүн сапаттуу жактарын өзүнчө жана башка түстөр менен өз ара байланышта карап аныктоочу термин. Реалисттик живописте предметтик дүйнөнүн материалдык касиеттери негизинен объективдүү закон ченемдүүлүктөгү түстүк мамилелер аркылуу берилет. Предметтин түстүүлүгүн, пластикасын, материалдуулугун белгилүү бир жарык кылынган кырдаалда жандуу чагылдырыш үчүн сүрөтчү түстөрдүн өз ара катышында чоң көркөмдүк менен тактыкка жетишиши керек. Ачык көрүнүктүү көркөм живописке алып келүүчү түстөрдүн өз ара катышы менен бир түрдөн экинчи түргө өтүүдөгү чебер кылдаттык В-дин негизги белгисинен болуп эсептелет. XVII–XIX к-дардын ири сүрөт чеберлери Веласкес, Шарден, Рембрандт, Репиндин сүрөттөрү дайыма валерлерге бай В-ди профессионалдык (кесиптик) түшүнүктө кабыл алууда дагы эле реализмден алыс азыркы мезгилдеги буржуазиялык көркөм искусствосунун тенденцияларынан келип чыккан формалдуу маанилик искусство тенденцияларынан келип чыккан формалдуу маанилик түрү сакталууда: формалисттик живопистин жактоочулары В-дин баштапкы реалдуу мазмунун толук жокко чыгаргылары келишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]