Валерианалар

Википедия дан
Centranthus ruber.

Валерианалар (лат. Valerianaceae) — эки үлүштүүлөр классындагы тукум.

  • Бир же көп жылдык чөп. Алардын ичинде бадалдары жана бадал сымалдары да бар. Жалбырактары сабакта тушташ жайгашкан. Чатырчадай же шыпыргыдай топ гүлү болот.
  • Гүлдөрү 2 же 1 жыныстуу. Мөмөсү — урукча. Валерианалардын 13 уруусу, 400ден ашуун түрү белгилүү.
  • Көбү Түш. Америкада, Жер Ортолук деңизинин жээктеринде өсөт. СССРде 5 уруусу, 70тен көп түрү, анын ичинде Кыргызстанда 3 уруусу, 14 түрү бар.
  • Валерианалардын валериана жанa патринияга окшогон түрлөрүнүн тамырларынан даярдалган дары жүрөк, кан тамыр, нерв система ооруларын дарылоодо колдо­нулат.
  • Валерианалар дары алуу үчүн атайын өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.