Валерий Быковский

Википедия дан

Быковский Валерий Фёдорович (2. 8. 1934-ж. т. ) - СССРдин учкуч-космонавты, полковник, Советтик Союздун Баатыры (1963).

1963-жылдан КПССтин мүчөсү. Москва аэроклуб мектебин, 1955-ж. учкучтардын Качинск аскер-авиац. окуу жайын, 1968-ж. Г. Е. Жуковский атындагы Аскер-аба инженердик академиясын бүтүргөн.

1963-ж. 14-19-июнда "Восток-5" космос кемеси менен 110 с та Жерди 81 жолу (3, 3 млн. км) айланган. 16-июнда ал В. В. Николаева-Терешкова башкарган "Восток-6" космос кемеси менен бирге учкан.

Ленин ордени, Кызыл Жылдыз, чет элдик ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.