Вальпургия түнү

Википедия дан

Вальпургия түнү (1-майга караган түн) орто кылымдардагы герман урууларынын мифологиясы. Немистердин ырым-жырым түшүнүгү боюнча 30-апрелден 1-майга караган түнү ар тараптан жезкемпирлер Германиянын Броккен тоосундагы жексур Ибилиске жабырап учуп келишип, «жиндердин зор зоок оюнун» өткөрүшүп, жаздын келишине көптөгөн тоскоолдуктарды жасоого, адамдардын ден соолугун бузууга, малдарды зыянга учуратууга аябай далбас урушат имиш. Ошондуктан, Вальпургия түнүнүн алдында айылдарда желмогуз-жезкемпирлердин магиясынын залалдуу кудуретин жоготуу үчүн бардык жерге алоолонгон оттор жагылып, коңгуроолор заңгырата кагылып, колдоруна жалбырттап күйгөн чоң көсөөлөрдү көтөрүп чыккан калктын жүрүш жасоосу сыяктуу магиялык жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. Вальпургия түнү католиктер олуясы Вальпургияны эскерүү күнүнө дал келгендиктен, анын ысмы менен аталып калган. Вальпургия түнү адабий, музыкалык чыгармалардын кеңири таралган сюжети болуп келет (И. В. Гётенин «Фауст», Ш. Гунонун аты окшош операсы, Г. Гейненин «Жол сүрөттөрү» жана башка).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]