Вальс

Википедия дан

Вальс (немисче walzen айлануу) музыкалык жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий. Музыкалык өлчөмү адатта 3/4. 18-кылымдын экинчи жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түштүк Германия жана Австрия. 19-кылымда бүтүндөй Европага, айрыкча вена вальсы өтө кеңири тарайт. Вальстын эң мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман жана башка композиторлор жазышкан. Музыкалык театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»), Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. В. жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да В. жанры калыптанган (Мисалы, Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысыккөл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» жана башка).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]