Валюта рыногу
Валюта рыногу — чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну-сатууну ишке ашыруучу борбор. Валюта рыногу абдан керек, анткени эл аралык соодага жана чет өлкөлүк инвестицияларга тартылган ар бир өлкө сооданы финансылоо жана капитал менен бүтүм жасоо үчүн өзүнүн улуттук валютасын башка валютага алмашууга тийиш. В. р. көп улуттуу. Валюта операцияларынын негизги борборлору — Лондон, НьюЙорк, Токио.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4