Валюта саясаты
Валюта саясаты – валюта мамилелеринин тармагында мамлекеттик органдар, борбордук банк жана каржы мекемелери, эларалык валюта-каржы уюмдары тарабынан жүргүзүлүүчү экономикалык, укуктук жана уюштуруу чаралары менен тариздеринин жыйындысы; валюта алмаштыруунун базардык жолдорун орнотот, чет өлкөлүк валюталар менен валюта тейиндеги баалуу кагаздардын чегарадан сырткары жана чегарадан ичкери эркин орун которуп жүрүшүн жарыялайт. КР Өкмөтү менен КРУБ бирдиктүү акча-кредиттик жана В. с-н жүргүзүүнү камсыз кылат.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7