Вамбери Арминий Герман

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Вамбери Арминий, Герман (1832–1913) – мажарстандык (венгриялык) көрүнүктүү түрколог, саякатчы, этнограф, полиглот, Түркияны (Осмон империясы), Иранды (Кажарлар династиясы) Орто Азияны изилдеген, анда жашаган калктардын маданияты, үрп-адаты, тилдери, динин иликтеген. Бул өлкөлөрдү кыдырып, жергиликтүү калктардын тилдерин үйрөнгөн. Арминий Вамбери 1832-ж. азыркы Венгриянын Нидемаркт деген жеринде жарык дүйнөгө келген, 1913-ж 15-сентябрда дүйнөдөн кайткан. Окумуштуу мажарлардын байыркы этникалык теги, этногенези түрк дүйнөсү менен бир экендигин колдогон илим адамдарынын бири болгон. Ушул пикирди тактоо максатында Орто Азияга өз өмүрүн тобокелге салган саякатка чыккан. Вамбери теги жагынан кедейленген еврей үй бүлөсүнөн чыккан. Анын атасы билим алууну, изденүүну колдогон, сыйлаган адам болгон. Тилекке каршы, ал балдары жаш мезгилинде эле дүйнөдөн кайткан экен. Үй бүлөдөгү оор түйшүктүн баары тең анын энесинин мойнуна жүктөлөт. Уулунун илим менен билимге, өзгөчө башка элдердин тилдеринүйрөнүүгө жөндөмдүү экендигин баамдаган энеси кечилдер (монахтар) ачкан мектепке киргизет. 1851-ж. Вамбери 7 тилди үйрөнүп, мугалим кесибине ээ болуп чыгат. Ал билимди Кечкемет, Будапешт, Братислава, Вена шаарларынан алган. Илимди көксөгөн Вамберини бул жетишкен бийиктик канааттандырган эмес, ошондуктан ошол учурдагы Австро-Венгрия империясынын борбору болгон Вена шаарына окуусун улантканы барган. Ал жерден европалык классикалык чыгармалар менен таанышат. Чыгыштаануучу Пургистал Арминий Вамбериин чыгыш тилдерин үйрөнүүгө кызыгуусун жараткан экен. Анткени, ошол учурдагы венгрлердин коомунда мадярлардын (венгрлердин) келип чыгышы, маданияты жана тили жөнүндөгү илимий талаш-тартыштар, талкуулар күчөй баштаган эле. Себеби, бул дискуссияга катышкандар венгрлердин тили кошуна жашаган элдерден салыштырмалуу кескин айрымаланып турушарын эске алышкан. Ошол учурда мажар илим чөйрөсүндө венгрлердин этностук тарыхый ата мекени Борбордук же Орто Азия деген пикир калыптана баштаган. Венгр тилчиси, барон Этвиш Арминий Вамберинин сырткы өтө жакыр көрүнүшүнө кайдыгер карабай жолго каражат бөлүп берет. Арийне, бул каражат Стамбулга чейин араң жетип, калган эң акыркы форинтти кайыкчыга берүүгө аргасыз болгон эле. Аны ачарчылыктан 1948-ж. Венгриядагы көтөрүлүштөн качкан жердештери сактап калышат. Ушундай кырдаалда Вамбери Стамбулда дагы алты жыл жашап калууга аргасыз болот. Ушул алты жылдын ичинде Вамбери түрк тилдерин, алардын каада-салттарын үйрөнгөн, дервиштердин жардамы менен ислам дининин негиздерин окуп-үйрөнгөн экен. Йожеф фон Этвёшем менен биргеликте Стамбулда Европа элдеринин тилдеринен сабак беришип, жандарын багышат. Стамбулда Хуссейн Даим паша менен таанышып, Мехмед Фуад-пашага катчы болуп кызматка орношот. Котормочулук менен алектенип, түрк-немис сөздүгүн түзгөн. 1858-ж. Венгрия Илимдер академиясынын мүчө-корроспонденти болуп шайланат. 1861-ж. Будапештке кайтып келип, каражат тапкандан соң, Решид Эфенди деген атты кабыл алып, дервиш катары Орто Азияга саякат жасаган. Ал Трабзон аркылуу Тегеранга жолго чыгат. Зыярат жасап келе жаткандарга кошулуп, Борбордук Иран аркылуу Тебриз, Зенджан жана Казвинге барат. Андан ары Исфаган жана Шираз аркылуу 1863-ж. Хива хандыгына, Бухара хандыгынын чегине жетет. Бухара эмиринин кабылдоосунда болуп, Герат, Тегеран аркылуу каравандын курамында кайрадан 1864-ж. март айында Стамбулга жетет. А.Вамбери өзүнүн жана айрым европалык илимпоздордун гипотезасын бекемдөө үчүн, венгр тили түрк тилдери менен тамырлаш деген пикирин тактоо максатында Орто Азияга келген алгачкы илимпоз-чыгыш таануучу. 1864-ж. өзүнүн көргөн-билгендерин, өз башынан өткөн окуяларды чагылдырган китеби жарык көрөт. 1865-1905 жж. Будапешт университетинде чыгыш тилдеринен дарс окуган. Ал эмгектерин венгр, немис, англис тилдеринде жазган. 1865-1905 жж. Будапешт университетинде чыгыш тилдери боюнча дарс окуган. Анын эмгеги европалык тилдерде, орусча жана фарси тилинде жарык көрүп тараган. Вамбери Орто Азияда Британ империясынын чалгын иштерин аткарган. Саясий, финансалык ж.б. максаттарды чечүү максатында бир динден экинчи динге өткөндүгү жазылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015
  • "Кыргыз Тарыхы". Энциклопедия. Бишкек 2003.