Ванадий оксиддери
Ванадий оксиддери – ванадий менен кычкылтек бирикмелери: VO, V2O3, VO2, V2O5. Булардын ичинен негизгиси - V2O5. Ал кызыл-саргыч түстөгү кристалл; тыгызд. 3,36; балкып эрүү темп-расы 6700С; V2O5 7000С жогорку темп-рада диссоциацияланат. Диамагнетик. Жарым өткөргүч. 600-700оС ванадий окистендирүүдөн алынат. Ванадий монооксиди (VO) – ачык-боз кристалл; тыгызд. 5,60; балкып эрүү темп-расы 2000оС; электр өткөргүч; негиздик оксид; сууда эрибейт, минералдык к-таларда суутекти бөлүп чыгаруу менен эрийт. V2O3 – кара түстөгү кристаллдык зат; тыгызд. 4,84; балкып эрүү темп-расы 1970оС; электр өткөргүч; негиздик оксид; көпчүлүк к-таларда эрибейт. V2O5, – кара күкүм; амфотердүү оксид; минералдык к-таларда эрийт; щелочтор менен кара же күрөң түстөгү ванадиттер (Ме2 V4O9) пайда кылуу менен эрийт. В. о. айнек, фарфор, феррованадий жана күкүрт к-тасын алууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|