Ванадинит

Википедия дан

Ванадинит - ванадаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Pb5(VO4)3Cl. Гексагон сингониясында кристаллданат. Өңү сары, күрөң, кээде кызыл, алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,75-3. С. салмагы 6,66-7,23. Ванадинит коргошун-цинктүү сульфид кендеринин кычкылдануу зонасында пайда болот. Ванадиниттен ванадий металлы алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]