Вангиондор

Википедия дан

Вангио́ндор (лат. Vangiones) — байыркы герман уруусу. Свевдер (Ариовисттин жетекчилиги астында) менен бирге Рейн дарыясын батыш тарапка кечип өтүшкөн. Б.з.ч. 58-жылы Цезарь аларды талкалады. Ошондон кийин артка кетүүгө аргасыз болушкан. Кийинчерээк алар кайрадан Рейнден өтүштү. Вангиондордун отурукташуусунун башкы аймагы (лат. Civitas Vangionum) Рейндеги Борбетомаг (азыркы Вормс) шаары болгон. Романизацияга дуушар болушкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]