Ванкель кыймылдаткычы

Википедия дан

Ванкель кыймылдаткычы - ротор поршендүү ичинен күйүүчү кыймылдаткыч (ИКК). Ф. Ванкель (Германия) тарабынан 1957-жылы иштелип чыккан. Ванкель кыймылдаткычынын өзгөчөлүгү бети атайын ийри (эпитрохоиде түрүндө) жасалып, цилиндрдин ичине орнотулган айлануучу үч кырдуу ротор (поршень) болот. Ротордун валы кыймылсыз шестерняга илинишкен тиштүү дөңгөлөккө бекем бириктирилген. Ротордун кырлары цилиндрдин бети боюнча сыйгаланып жылып, камерада өзүнчө өзгөрүлмөлүү көлөмдү түзөт. Натыйжада соруу, кысуу, кеңейүү жана чыгаруу сыяктуу 4 тактылуу цикл пайда болот. Күйүүчү аралашманы даярдоо, от алдыруу (шам менен), майлоо, муздатуу поршендүү ИККка окшош. Мындай конструкция 4 тактылуу циклди атайын газ бөлүштүргүч механизми жок аткарууга мүмкүндүк берет. Практпка 3 кырдуу роторлуу Ванкель кыймылдаткычы колдонулууда. Ванкель кыймылдаткычынын массасы жана өлчөмү о. эле кубаттуулуктагы кадпмкп ИККга караганда 2—3 эсе аз болот. Кемчилиги — камераны жылчыксыз кылуу татаал жана пштөө мөөнөтү аз. Мындай кыймылдаткычтар Германия, Япония жана АКШ сыяктуу мамлекеттерде сериялык түрдө чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]