Ванк чиркѳѳсү

Википедия дан

Ванк чиркѳѳсү کلیسای جامع وانک[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ванк кафедралык чиркѳѳ же Амана паркич (армян тилинде:ՍուրբԱմենափրկիչՎանք, англис тилинде: Holy Savior Cathedral) мааниси (ыйык куткаруучу чиркѳѳ), Жулфа (Исфахан) аймагындагы “Сурап Амана паркич” атынан алынган чиркѳѳ болуп саналат. Бул чиркѳѳ Исфахан армяндарынын тарыхый чиркѳѳсү жана Аббас эки шахтын доорунда курулган. Ванк армян тилинде монастырь деген сѳздү түшүндүрѳт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аракел Даврижеци бул доор тууралу тѳмѳндѳгүчѳ толук түшүндүрмөлөрдү жүргүзүп кеткен: “Еревандан чыккан соӊ, Аббас шах армиясына артка чегинүүгѳ жана алдынан чыккан баардык шаарларды жана кыштактарды Ирандын чек арасына чейин жер менен жексен кылып талкалашын, мындай жол менен Осмондордун аркасынан кууганына жолтоо болоорун буйрук кылган. Армия ар бир үйгѳ жана кыштака кирген сайын ѳрттѳп талап тоноп, талааларды ѳрттѳп, үйлѳрдү кыйратып андагы жашоочулардын үйлѳрүн таштоого мажбурлап, кѳчүрүп жатышты. Кимде ким чыккысы келбесе, каршы чыккан болсо, же жол басканга абалы келбесе ѳлүмгѳ буйруп жатты. Мындай жол менен Аббас шахтын армиясы Арарат ѳрѳѳнүнүн кѳптѳгѳн армяндар отурукташкан шаарларын жана кыштактарын талкалап, адамдарды ѳзүлѳрү менен чогу Иранга алып кетишти. Алар Вагаршапан аймагына жеткенде, Аббас шахка Осмон армиясы жакындап калганын кабар берди. Шах Аббас кошо ала келе жаткан эл Осмон армиясына каршы туруштук бере албастыгын жана алар менен согушка тең тайлаш чыга албашын билген, ошондуктан аскер башчыларына элдерди алып тезиреек алдыга кетишин буйрук берген. Алардын көпчүлүгү карылар, жаш балдар жана оорулулар болгондуктан, аларды кандай тагдыр күтүп тургандыгы айкын эле. Акыр чени шах Аббас армян элдери менен Жулфага жетти. Эми Аракс дарыясын кечип өтмөй калды. Шахка кайрадан, Осмон аскерлери Нахжаванга келгендигин кабар кылды. Аббас бул кабарды уккан соң, армиянын аз убакыттан кийин келерин билгендиктен, жоокерлерине элди мажбурлап дарыядан тезиреек өткөзүүнү буйруйт. Дарыя шарылдап ташкындап агып жаткан, аябай коркунуч бар эле, элдер же дарыяны кечип өтүшмөк же Осмон армиясын күтүп дарыянын жээгинде олтурмак, ал учурда жазыксыз өлүмгө кабылышмак. Айласыздан дарыяны кечип өтүүнү тандашкан”. Үч жүз элүү миң армян элинен дарыяны кечип өтүп жатканда үч жүз миңге жакыны чөгүп, сууга агып өлүшкөн. Аббас шах көптөгөн армяндарды шаарларынан жана айылдардан Иран тарапка алып кетип, ташталган жерлер бош калган деп айтууга болбойт. Азыркыга чейин ал аймактарда көптөгөн армяндар отурукташып жашап келишет, алар ошол окуядан жана ХIX-кылымдын жарымына чейин жагымсыз окуяларга дуушар болуп келишкен. Армяндар Исфахандын Жулфа шаарына келген соң өзүлөрүнүн коомдук жана диний курулуштарын салып баштаган жана жөнөкөй элдердин алгачкы акчалары менен Ванк чиркөөсүн курушкан. Ал Жугадагы чиркөөгө окшош курулган. Ванк чиркөөсүн куруу менен бирге, анын жанына кичинекей бир чиркө да салышкан. Ал чиркөө 50 жылга жакын сыйынуу жер катары колдонулуп келген. 1655-жылы жогорку айтылган чиркөөнүн ордуна азыркы учурдагы чиркөөнүн курулушун баштаган жана 1664-жылы аны куруп бүтүшкөн. “Ванк Амана паргич жана армян епискобу 1606-жыл” Чиркөөнүн курулушун бүткөн соң чиркөөнүн батыш тарабындагы кире беришке алтын кол жазманы илип коюшкан, анда чиркөөнүн тарыхы жазылган. Ал жазуу төмөндөгүчө болгон. “Ванк Амана паркич чиркөөсү 1655-жылы католик “Филипус” доорунда шах Аббас экинчинин жана “Давуддун” колдоосу жана Жулфа элинин жардамы менен салынып башталды жана 1664-жылы соңуна чыкты. Чиркөөдө кылынган ибадаттардын сообу өткөндөргө жана азыркыларга насип этсин”

Чиркөөнүн архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги жазылыш: Армян архитектурасы Амана паркич чиркөөсүнүн аянты 8731 чарчы метрди түзөт, анын 2857 чарчы метри имарат жана башка Ванктын бакчасы болуп саналат. Ванктын эки тарабындагы кире бериш эшигинде эки кабыл алуу бөлмөсү бар. Кире бериш эшиктин үстүнө, үч кабаттуу коңгуроо мунарасы курулган жана анын экинчи кабатында үч жүз килограмдык саат орнотулган. Мунаранын төрт тарабында сааттар илинип турат, ар бир бетинин диаметри 104 см. түзөт. Бул мунара коңгуроосун жана саатты 1931-жылы “Мардириус Хурданиан” чиркөөгө белек кылган. Ванк чиркөөсүнүн кире бериш эшигинин оң тарабында 53x40 см. мрамор ташка чегилген жазуу илинип турат. Жазуунун тексти төмөндөгүчө: “Бул мунара жана саатты 1931-жылы Мардириус Гуарг Хурданиан өзүнүн 1924-жылы каза тапкан бир тууганынын элесине арнап чиркөөгө белек кылды.”

Ванк чиркөөсү көпчүлүк байыркы армян чиркөөлөрүндөй жалгыз гана таштан эмес, чийки кыштан да кошулуп тургузулган. Чиркөөнүн сырткы дубалы кыштан жана ички дубалын маалам менен шыбап үстүнө сүрөт түшүрүлгөн. Чиркөөнүн эки күнбөтү бар, кичинекей күнбөт коомдук отуруу жайдын үстүндө жана чоң күнбөт чиркөөнүн мехрабынын алгачкы бөлүгүнүн жогору жагына орнотулган. Чиркөөнүн дубалдарынын бийиктиги жер деңгээлинен экинчи кабаттын чатырына чейин 11/58 метрди түзөт. Чиркөөнүн ичинде батыш дубалынан 6 метр аралыкта эки чарчы колонна салынган. Батыш тарабында колонналарды жана дубалдардын пайдубалдарын колдонуу менен төрт көрүнүктүү бийик арка салынган. Аркалардын бийиктиги он метрди түзөт. Кичинекей күнбөт жогорку аркалардын үстүнөн орун алган. 

Байыркы армян чиркөөлөрүнүн күнбөттөрү коникалык түрдө салынган, бирок Ванк чиркөөсүнүн күнбөтү ирандагы Сефевиддер доорунун мечиттерине окшош курулган. Чиркөөнүн чатырында, батыш тарабындагы дубал жагындагы эшиктин жогорку бөлүгүндө жана чиркөөнүн кичи күнбөтүнүн жанында, чаарчы сымал чиркөөнүн экинчи коңгуроо мунарасы болуп саналган кичинекей коңгуроо мунарасы салынган. Анын ар бир тарабынын аянты эки метрди түзөт. Жогорку чаарчынын ар бир тарабындагы кесилиштеринде кыштан курулган колонна жайгашкан, анын бийиктиги үч метр жана анын эки метр жогорку жагында жыгачтан жасалган.

Чиркөөнүн дубалдарындагы сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги жазылыш: Армян сүрөттөрү Чиркөөнүн баардык дубалдары, аркалары, куполдорунун алды, күнбаттын ичи жана башка көзгө уруунар жагы май боегу менен тартылып, кооздолгон. Чиркөөнүн дубал сүрөттөрүнүн негизги темасы ыйык Инжил китебине байланыштуу, Исанын төрөлүшүнөн баштап асманга көтөрүлгөнгө чейинки сүрөттөр тартылган. Чиркөөнүн башка дубалдарында акыр кыямат күн, кыямат күн соту, бейиш жана тозоктун сүрөттөрүн баамдого болот. Дубалдардагы сүрөттөрдүн тартылышына кеткен баардык чыгымды евнух “Авдик Степанос” атту адам колуна алган. Андагы сүрөтчүлөрдүн баардыгы армян устаттары болушкан, алардын ичинен Аванес Маркиз, Кашиш Степанос жана устаз Минастын атын атоого болот. Бул чиркөө армян чиркөөлөрүнүн ичинен алтын жалатылгандыгы жана жарыктыгы боюнча уникалдуу чиркөө. Чиркөөнүн дубал сүрөттөрүнө жана кооздолушуна “евнух Авдик” басымдуу салымын кошкон. Чиркөөнүн түндүк дубалында төмөндөгүдөй жазуу илинген: “Евнух Авдик чиркөөнүн сүрөттөрүн өзүнүн жана үй бүлөсүнүн элеси үчүн тарттырган, ал 5-февраль 1669-жылы дүйнөдөн кайтып Иса масихке барган.”

Ванк чиркөөсүнүн бөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Басма кана

Негизги жазылыш: Ирандын байыркы басма өнөр жайы Качатур Кечаратси 1620-жылы Исфахандагы Жулфа армяндарынын епискобу болуп дайындалган. Ал 1630-жылы европага сапар кылган жана ал жерден китеп басмасы менен таанышкан. Ал Жулфага кайра кайтканда китеп басмаканасын ачууну максат кылган. Алгачкы китеп «Давуд Забуру» 1438-жылы басылып чыккан. Бул китептин басылышына бир жыл беш ай убакыт талап кылынган. Экинчи китеп 1641-жылы “Оратас варак” аты менен жарыка чыккан. Жогорку китеп армян руханилерин, дербиштердин жана кеңештердин жыйындысы болгон. “Хурар таддар” Ванк басмаканасынан басылып чыккан үчүнчү китеп 1641-жылы жарыкка чыккан. 1642-жылы “Жамагирак адами” аттуу төртүнчү китеп басылып чыккан. 1844-жылы “Манук Ордананиан” бир басма аппаратын толук жабдуулары менен кошо сатып алып, төрөлгөн жери Жулфа Исфаханга жиберген. (бул басма аппарат азыркы учурда Ванк музейинде сакталып турат.) бул басма аппарат бир канча жыл колдонулбай турган. 1872-жылы Григорий Оханасиан тарабынан басмакана ишке киргизилген жана ошол жылы алгачкы китеп басылып чыккан.

Китепкана[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоң көч убагында армяндар бардык болгон оокаттарын таштап Иранга келишкен, бирок армяндардын үйүндө сакталып турчу китептерди көз жумуп таштап кете алышкан эмес, алар көч убагында болгон китептерин алып Иранга (Исфаханга) келишкен, армяндар үчүн жалгыз баа жеткис байлык - бул китеп болуп саналган. 1770-жылдан 1790-жылга чейинки басмаканадагы каршылаштыктардан улам, өрттөнүп кеткен жана бир канча гана тамгалар жана калыптары өрттөн сакталып калган, азыркы учурда алар Ванк музейинде сакталып турат.

Музей[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги жазылыш: Ванк чиркөөсүнүн музейи 1905-1906-жылдары Татавус Хунаниан, Харутун Хунаниандын баласы, Исфахан Жулфа шаарынын тарыхы китебинин авторунун аракети менен чиркөөнүн түндүк тарабындагы бөлүк, китептерди, жазуу баракчаларын жана тарыхый буюмдарды сактоо жана көргөзмө үчүн курулган. Бул бөлмөлөр 1930-жылга дейре бир эле учурда китепкана жана музей катары колдонулуп келген. Саркис Катчадариандын сунушу менен жогорку бөлмөлөрдө өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн, 1930-жылы Ванк музейи негизделген. Ванк чиркөөсүнүн жана башка армян чиркөө жана үйлөрүнүн амбарларында көптөгөн көркөм сүрөт, байыркы буюмдар бар. Азыркы учурда тарыхый калдыктардын баарысы Ванк музейинде сакталуу. Музейде төмөндөгүдөй буюм, материалдар бар: 710 том “жазуу китеби”, анын эки жүзгө жакын тому тоорат, инжил жана ыйык китептер байыркы армян тилинде теринин жана кагаздын үстүнө жазылган. Кээ бир китептердин башкы жагы алтын жалатылган. Гипс такталары жана сүрөттөрү, музейдин көркөм сүрөттөрү, европа жана армян сүрөт өнөрлөрүнүн тарыхый калдыктары дагы бар. Бул көркөм өнөрлөр калың материал, тери металл жана айнектин үстүнө түшүрүлгөн. Металл тарыхый калдыктар, коллекциядагы меттал буюмдары, алтындан, күмүштөн, курлар, илгичтер, ар түрлүү крест идиштери, ыйык май идиши жана башкалардан турат. Колго токулган текстилдер жана салттуу буюмдар, текстилдерди үч бөлүккө бөлсөк болот, биринчиси, армяндардын диний жана рухани кийимдери, экинчиси, чиркөө аземдеринде колдонулуучу кездемелер, үчүнчүсү, армяндардын салттуу төшөктөрү. Фарфор жана чопо идиштер, жыгачтан жасалган калдыктар, буйруктар, бул буйруктар армяндардын XVII - XVIII-кылымдарындагы, армяндардын көчүүсү, соода сатык жана Жулфадагы армяндардын диний, салыктарды чогултууга байланышкан буйруктарынын жыйындысы. Басма өнөр жайы, тыйындар, Ванк музейинин тыйындары үч доорго бөлүнөт, биринчиси, тарыхка чейинки доордун тыйындары, экинчиси, ислам доорунун тыйындары жана үчүнчүсү, Киликия армян падышачылыгынын доорундагы тыйындар. Тыйындардын баары 1970-жылы чиркөөгө белек кылынган. Ванк чиркөөсүнүн музейиндеги эң атактуу калдыктар бири болуп он сегиш жашар кызга таандык чач болуп саналат, 1974-жылы Вахрам Хакупиан тоорат китебин армян тилинде алмаз калеми менен чачтын үстүнө жазган, бул тарыхый калдык 1975-жыл музейге белеке берилген жана көрүүчүлөрдүн микроскоп менен чачка жазылган жазууларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Административдик имараттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул жерде байыркы Жулфалык армяндыктардын административдик жумуштары ушул аймакта аткарылган, төрөлүү каттоосунан баштап, үйлөнүү үлпөттөрү, каза болгондогу каттоо, арыздарды өткөзүү жана башка күнүмдүк жашоо иштери жүргүзүлгөн. Мындай иштер азыркыга чейин уланып келет жана жулфа шаарынын армяндарынын иштери ушул жактан каттоодон өтүп турат. Азыркы учурда дагы административдик имараттар Жулфа шаарынын армян элинин коомдук иштерин аткаруу үчүн, имаратта кызмат кылып келишет. Албетте байыркы убакта бул жерде бир гана Жулфалык армяндардын эмес башка өлкөлөрдөгү мисал катары индиядан келген адамдардын коомдук иштерин бул жерде чечилчү. Бул жер чептин түштүк бөлүгүндө орун алган жана анын курулуш заманы Насер ад Дин шах Кажарийдин дооруна барып такалат. Чептин чыгыш тарабында музейдин маңдайкы тарабында епископтун жайы курулган. Ал эки кабаттуу, биринчи кабатында чептин керектүү буюмдары сакталат жана экинчи кабатында епископтун эс алуу жайы орун алган.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иран армяндары
  • Армян апостол чиркөөсү
  • Исфахан армяндарынын диний жогорку макамдары

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Исфахан армян чиркөөсүнүн расмий сайты
  • Исфахан Ванк чиркөөсүнүн видеосу, кыска документалдуу фильм, Хейдаррза Ренасиан
  • Исфахан Ванк чиркөөсүнүн видеосу, туризм сайтынан алынды

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Даварижатси, Аракул. Даварижатси тарыхы. Вагаршапат: Эчмиадзин чиркөөсүнүн басмаканасы, 1896
  • Абдулхасан Сепанта, Ванк музейи, Вахид журналы, экинчи жыл, Тегеран
  • Барати, Бахаре жана Мухаммад Афруг. “Таштагы кабырлардагы белгилердин жана символдордун Исфахан Жулфа музейиндеги Абранг сүрөттөрүн эске алуу менен аларды чагылдырылышы”
  • Ванк чиркөөсүнүн музейинин тарыхчасы
  • Ванк чиркөөсүнүн китепканасынын тарыхчасы
  • Ыйык Паркич
  • Ванк чиркөөсү, Исфахан, архитектура жана курулуштар, Иран тарыхый чиркөөлөрү
  • Ванк чиркөөсүнүн музейи, автор: Зуйа Качатур, Пейман маданий журналы
  • Ванк чиркөөсү Исфахан Жулфа, Пейман маданий журналы
  • Иран армян китептери, автор: Андраник Хойан
  • Исфахан чиркөөлөрүнүн архитектурасы, автор: Шахин Гугасиан, которгон: Саид Карим Пур

https://fa.wikipedia.org/wiki/%DA%A9%D9%84%DB%8C%D8%B3%D8%A7%DB%8C_%D9%88%D8%A7%D9%86%DA%A9

Маданият, Архитектура