Мазмунга өтүү

Вануатунун административдик-аймактык түзүлүшү

Википедия дан
Вануатунун провинцияларынын картасы

1994-жылдан тартып Вануату Республикасы 6 провинцияга бөлүнөт[1]. Провинциялардын аталыштары провинцияны түзгөн негизги аралдардын аталыштарынын уңгусунан же биринчи тамгаларынан түзүлгөн:

  1. Малампа (аталышы Малакула, Амбрим жана Паама аралдарынын аталышынан алынган)
  2. Пенама (Пентекост, Аоба, Маэво)
  3. Санма (Санто, Мало)
  4. Тафеа (Танна, Анива, Футуна, Эрроманго, Анейтюм)
  5. Торба (Торрес аралдары, Банкс аралдары)
  6. Шефа (Шеперд, Эфате аралдары)

1906-жылы Жаңы Гебриддерде кондоминиум түзүү боюнча конвенцияга кол коюлгандан кийин төрт жыл бою административдик бөлүнүү болгон эмес жана меланезиялыктар катышкан ар кандай талаш-тартыш иштерди жалпы сот эмес, аскер-деңиз комиссиясы караган жана чечимдерди кабыл алган[2]. 1911-жылы административдик реформаны ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар жасалган. Реформанын натыйжасында, 1912-жылы Жаңы Гебриддердин айрым аралдарына резидент-комиссарлардын өкүлдөрү дайындалган (Эфате аралын кошпогондо), алар калктын ар кандай даттанууларын карап, жумушка орношуу маселелерин көзөмөлдөшкөн. Британиянын өкүлдөрү Танна жана Эспириту-Санто аралдарында, Франция өкүлдөрү Малекула жана Пентекост аралдарында колониялык багыттагы иштерди жүргүзүшкөн.

1985-жылы кезектеги административдик реформа жүргүзүлүп, натыйжада төрт округ жоюлуп, он бир аралдар үчүн Арал Кеңеши түзүлгөн[1].

Провинциялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Провинция

(кырг.)

Провинция

(англ.)

Административдик

борбору

Аянты,

км²

Калкы,

адам (2009)

Жыштыгы,

адам/км²

1 Малампа Malampa Лакаторо 2779 36 727 13,22
2 Пенама Pénama Саратамата 1198 30 819 25,73
3 Санма Sanma Люганвиль 4248 45 855 10,79
4 Тафеа Tafea Исангел 1628 32 540 19,99
5 Торба Torba Сола 882 9359 10,61
6 Шефа Shéfa Порт-Вила 1455 78 723 54,11
Бардыгы 12 190 234 023 19,20

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985-жылдан 1994-жылга чейин өлкө 11 аралдык аймакка бөлүнгөн:

  • Аоба жана Маэво (борбору Лонгана)
  • Амбрим (борбору Эас)
  • Банкс жана Торрес (борбору Сола)
  • Эфате (борбору Порт-Вила)
  • Эпи (борбору Рингдав)
  • Малекула (борбору Лакаторо)
  • Паама (борбору Лиро)
  • Пентекост (борбору Лолтонг)
  • Санто жана Мало (борбору Люганвиль)
  • Шеперд (борбору Моруа)
  • Тафеа (борбору Исангел)

Кондоминиум мезгилинде 4 административдик округ болгон:

  • Түштүк округу
  • Борбордук округ 1
  • Борбордук округ 2
  • Түндүк округу

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Вануатунун провинциялары (англ.)
  2. Tufala Gavman (ред. Bresnihan, Brian J. and Keith Woodward). Reminisces from the Anglo-French Condominium of the New Hebrides. — Suva, Fiji: Institute of Pacific Studies, University of the South Pacific, 2002. — С. 26. — ISBN 982-02-0342-2

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]