Ван-Циттерт–Церникенин теоремасы
Ван-Циттерт–Церникенин теоремасы – бөлүштүрүлгөн интенсивдүүлүгү I(r) болгон когеренттүү эмес мейкиндик булагынан чыккан нурдануунун когеренттик функциясы I(r) ну кайталаган бөлүштүрүлгөн амплитудасы бар когеренттүү нурлантуучунун толкундук талаасына түз пропорциялаш.
Бул теорема 1934-ж. П.Ван-Циттерт тарабынан, 1938-ж. Ф.Цернике тарабынан жөнөкөйүрөөк жол менен аныкталган.
Теореманын физикалык мааниси, дифракциянын нурдануу тутамдарынын калкып жана жабылып калуусунун негизинде эки чекитте толук эмес когеренттүүлүк пайда болот. Ошондуктан бул чекиттерде нурлануунун когерент-түүлүк даражасы дифракция менен байланышкан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0