Ван-дер-Ваальстын молекулалары

Википедия дан

Ван-дер-Ваальстын молекулалары – алыстан начар өз ара аракеттешүүнүн, мис., Ван-дер-Ваальстын өз ара аракеттешүүлөрүнүн натыйжасында пайда болгон саны анча көп эмес атомдордун жана молекулалардын байланышкан абалы.

Химиялык кошулмаларда бекем байланышты камсыз кылган алмашуу өз ара аракеттешүү чоң болгон учурда Ван-дер-Ваальстын молекулаларында түртүшүүгө жооп берет. Алыстан өз ара аракеттешүү, алмашуу өз ара аракеттешүүсүнөн чоң болгон учурда Ван-дер-Ваальстын молекулаларында бөлүкчөлөрдү бириктирип турган начар байланыш алардын арасындагы аралык салыштыр-малуу чоң болгондо пайда болот. Ван-дер-Ваальстын молекулаларында атомдор ван-дер-Ваальстын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында эле кармалбастан өз ара багытталган эки диполдун аракеттешүү-сүнүн натыйжасында кармалып туру-шат. Молекуланын тибине жараша байланыш башка типтеги алыскы өз ара аракеттешүүлөр менен аныкталышы мүмкүн: диполь-багытталган диполь, диполь-квадруполь ж. б. Электрондун Ван-дер-Ваальстын молекулаларынын бир компонентинин экинчисине начар өтүү-сүнө жооп берген ион-иондук өз ара аракеттешүүсү да болушу мүмкүн. Ван-дер-Ваальстын молекулаларынын энергиясынын диссоциациясы кадимки молекулалардын энергиясынын диссоциациясынан бир топ төмөн болот, ошондуктан Ван-дер-Ваальстын молекулалары тез бузулат жана алардын саны газдарда, нормалдуу шартта өтө аз болот. Ван-дер-Ваальстын молекулалары төмөнкү температураларда эффективдүү пайда болушат, мис., газдын соплодон вакуумга агып чыгышында пайда болот. Ван-дер-Ваальстын молекулалары каттоо үчүн спектралдык ыкмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]