Ван-дер-ваальстык аракеттешүү

Википедия дан

Ван-дер-ваальстык аракеттешүү -электрондук катмалардын бири бирине кабатталып калышы менен шартталган атомдордун түртүлүүсүнөн жана дисперстик тартылуусунан пайда болот. Атомдор жакындашканда карама-каршы спини бар электрондон түртүлүшөт. Электрондордун түртүлүүсүнүн натыйжасында өз ара аракеттешкен эки атомдун ядролорунун ортосундагы аралыкта электрон жыштыгы азайып, ядро аралык түртүлүү энергиясы көбөйөт. Ошентип атомдордун бири бирине жакындашкандагы ван-дер-ваальстык түртүлүүсү электрондордун түртүлүүсүнөн жана электрондордун өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында экрандалбаган ядролордун электр-статикалык түртүлүүсүнөн түзүлөт. Атомдордун дисперстик тартылышы электрон кыймылынын оңдолушунун (корреляциясынын) натыйжасында жаралат жана накта кванттык эффект болот. Ван-дер-ваальстык аракеттешүү реалдык газдардын касиеттеринин идеалдык газдыкынан айырмаланышына, түрдүү конформерлердин салыштырма туруктуулугуна, молекулалык кристаллдар менен суюктуктардын структуpaсынa жана касиеттерине таасирин тийгизет. Аракеттешүү атомдор системасында электрон жыштыгынын бөлүштүрүлүшү менен аныкталат жана Шрёдингер теңдемеси менен толук жазылат. Электрондордун ядрого кулондук тартылышын, электрон аралык жана ядро аралык түртүлүүнү, о. эле түрдүү ядро аралыгындагы электрондордун кинетикалык энергиясын эске алуучу эки атом системасы үчүн жазылган Шрёдингер теңдемеси атомдордун аракеттешүүсүнүн потенциалдык энергиясынын атомдордун ортосундагы аралыкка көзкарандылыгын белгилейт. Анын так чыгарылышы Н+2 молекулалык иону үчүн гана алынган. Эки атомдон турган система үчүн Шрёдингер теңдемесине жакындатып чыгаруу ыкмасы иштелип чыккан. Көп атомдуу молекулалардагы же ар түрдүү молекулага таандык атомдордун аракеттешүүсү үчүн чекиттүү атом түшүнүгүнө негизделген феномендик эсептөө ыкмасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]