Мазмунга өтүү

Ван-дер-ваальс күчтөрү

Википедия дан

Ван-дер-ваальс күчтөрү (молекула аралык ара кеттенүүлөр) – электронейтралдуу мол-лар же атомдор ортосундагы өз ара аракеттенүүлөр. Биринчи жолу В.-д.-В. к. Я.Д. Ван дер Ваальс (1873) реалдык газдар жана суюктуктар касиеттерин түшүндүрүүдө эске алган. Ал мол-лар ортосунда иондук жана коваленттик жаратылышка ээ болбогон тартылуу күчтөрдүн бар экендиги ж-дөгү жыйынтыкка келген. Бул күчтөр пайда болушу ар түрдүү болуп, жалпысынан В.-д.-В. к. деп аталган, ал электрдик жаратылышка ээ. Ал тартылуу (багытталуучу, индукциялык, дисперсиялык) жана түртүлүү күчтөрдөн куралат. Багытталуучу күчтөр уюлдуу, башкача айтканда диполдук электрдик моментке ээ болгон мол-ларда аракеттенет. Багытталуучу В.-д.-В. к-нүн потенциалдык энергиясы: Uop (r)=p1p2/r6, мында, p1 жана p2 - аракеттенишүүчү мол-лар диполдук моменттери. Аракеттенүү күчү: Fор~r-7. Индукциялык күчтөр уюлдуу жана уюлсуз мол-лар ортосунда таасир этет. Уюлдуу мол. электр заряды көлөмүндө бир өңчөй таралган мол-ны уюлдатуучу электр талаасын пайда кылат да, уюлсуз мол-да диполдук моментти индукциялайт. В.-д.-В. к-нүн энергиясы бул учурда уюлдуу мол-нын р1 диполдук моментине жана башка мол-нын уюлдануу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүчү a2 уюлдашуусуна пропорционалдуу: Uинд (r)p1a2/r6, Fинд.~r-7.

Уюлсуз мол-лар ортосунда дисперсиялык В.-д. В. к. бар. Дисперсиялык В.-д. В. к-нун потенциялдык энергиясы: U

(r) a1 a2/r6, F.~r-7), мында, a1 жана a2 - аракеттенишүүчү мол-лар уюлдашуусу. В.-д. В. к-нун үч түрү тең бирдей аралык менен азайышы абдан маанилүү U=U + U.+ Г ~r-6.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]