Ван Гон

Википедия дан

Ван Гон (877-943) - Кореядагы Корё мамлекетинин (918-943) алгачкы башкаруучусу (ван), династиянын негиздөөчүсү. Алгач Кореядагы Тхэбон мамлекетинин башкаруучусу Кун Енин вассалы болгон. Тхэбон жана Хупэкче мамлекеттеринин ортосундагы согуш учурунда абалын бекемдегенге жетишип, 918-жылы Кун Ени бийликтен алып, өзүн Тхэбондун башкаруучусу деп жарыялап, мамлекетти Корё деп атаган. 935-жылы Силла мамлекетинин акыркы падышасы да ага тактысын бошотуп берген. 936-жылы Ван Гон Хупэкче мамлекетин талкалап, бүткүл Кореянын башкаруучусуна айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]