Варвар акыйкаты

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Варвар акыйкаты (лат. Leges barbarorum — варварлар закону) — Батыш Рим империясынын аймагына өз королдугун орноткон герман урууларындагы адат укуктарынын кагазга түшүрүлгөнү.

  • Варвар акыйкатына Вестгот, Вургунд, Салика, Рипуар, Алеман, Бавар, Саксон, Фриз, Тюринг, Франк- Хаман акыйкаттары, Лангобард жана Англ-саксон закондору кирет. Баш­ка герман уруулары менен белок элдердин (скандинав, Исландия, орус) кадимки укуктарына окшош жерлери бар.
  • Варвар акыйкаты уруулук коомдон феод, коомго өтүү продессин айкын көрсөткөнү менен айырмаланат.
  • Варвар акыйкатына Рим укук закондорунун таасири тийген.
  • Варвар акыйкаты 5—9-кылымда пайда болуп, королдордун жана герцогдордун демилгеси менен жазылган. Ал закондор көбүнчө кылмыш ишин жана сот продессин гана камтып, уруу мүчөлөрүнө гана колдонулган.
  • Варвар акыйкаты Батыш Европадагы алгачкы феод, мамлекеттердин коомдук түзүлүшүн изилдөөдө чоң мааниге ээ. Феод, түзүлүштүн бекемделишине жараша Варвар акыйкаты маанисин жоготуп, 11-кылымдын башынан көп колдонулбай калган.



Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.