Варган

Википедия дан

Варган (латынча organum, грекче organon курал, аспап) темир ооз комуз түрү; тилдүү какма музыкалык аспап. Жыгач, сөөк, темирден жасалат. Варганды кыргыздын ооз комузу сыяктуу тишке кыпчып, тилин сөөмөй менен какканда, ооз көңдөйүнүн чоңоюп же кичирейгенине жараша добуш чыгат. Варган менен көбүнчө кыска күүлөр ойнолот. Варган негизинен Орто жана Түштүк-Чыгыш Азия, Африка элдеринде кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]