Вариант (адабиятта)

Википедия дан

Вариант (лат.— өзгөргөн) — көркөм чыгарманын жалпы же айрым бөлүмдөрүнүн айтылышындагы, жазылышындагы жана басылышындагы өзгөрүүлөр. Бир эле чыгарманын ар түрдүү вариантта учурашы белгилүү максат, автордук идеяга байланыштуу болот. Көп варианттуулук— элдик оозеки чыгармаларга мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, кыргыз фольклорунун лирикаларынан тартып «Манас» трилогиясына чейинки адабий мурас бир нече варианттарда жолугат. Варианттуулук жазма адабиятта да кездешет. Анда сөз чебери мурдагы чыгармаларына жазуучулук устаттыгы жетилген мезгилде кайрылып, идеялык-көркөмдүк жагынан аны жетилтүү, тереңдетүү максатын көздөйт. Мисалы, Т. Сыдыкбеков 30-жылдары жазган «Кең-Суу» романына 50-жылдары кайра кайрылып, чыгарманын жаңы варианты — «Тоо арасында» романын жаратты. Мурда жазылган ырларга кайрадан кайрылып, анын жаңы вариантын түзүү акындарда арбын эле кездешет. Мисалы, А. Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасынын үч, А. Токомбаевдин «Москва жөнүндө ой» ырынын эки варианты бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]