Варнавских Тамара Александровна

Википедия дан

Варнавских Тамара Александровна (15.8. 1923, Россия, Куйбышев шаары — 26. 1. 1995, Бишкек) драма артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1976). 1946-жылы Куйбышев драма театрынын алдындагы студияны бүткөн. 1953-жылдан Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында актёр, бир эле убакта КМИИде педагог болуп иштеген. Театрда Варнавских эсте каларлык образдарды жараткан, 32 жылдык чыгармачылык ишинде дүйнөлүк белгилүү драматургдардын пьесаларынан 100гө жакын роль аткарган: Варя (А. Островский, «Жапайы»), Саадат (Р. Шүкүрбеков, «Өрөөндөгү жарык»), Елена Кольцова (А. П. Тур, «Атайын элчи»), Шайгүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»), Кадича (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым»), Катарина (В. Гюго, «Анжело»), Бела (М. Бараташвили, «Ийнелик»), Надежда (М. Горький, «Наадандар») жана башка Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]