Варрант (сатыккат)

Википедия дан

Варрант (сатыккат) (англ. warrant – негиз, ыйгарым укук) – 1) чыгарылуучу баалуу кагаз; жүгүртүүгө чыкканга чейин эле номиналы боюнча баалуу кагаздар пакетин сатып алуу мүмкүнчүлүгү алдынала каралган тастыктама түрү. Тастыктама менен баалуу кагаздарды сатып алуу мөөнөтүнүн айырмалуулугу В. өзгөчөлүгү болуп саналат; 2) белгилүү бир мөөнөттүн өтүшү менен, анын ээсине кошумча жеңилдиктерге укук бере турган баалуу кагаздарга күбөлүк; 3) күрөө күбөлүгү, товардык баалуу кагаз, ал кампа күбөлүгү менен биригип экилтик (кош) кампа күбөлүгүн түзөт. В. кармоочунун (кампа күбөлүгүн кармоочудан айырмаланып) күрөө күбөлүгү боюнча берилген кредит менен анын пайызынын өлчөмүндө товарга күрөө алууга укугу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]