Варшава герцогдугу
Варшава герцогдугу, Варшава княздыгы — Наполеон империясынын составындагы вассал мамлекет, Тильзит келшиминин (1807) негизинде түзүлгөн.
Пруссиядан жана Австриядан (1809) тартып алган поляк жерлери да Варшава герцогдугуна бириккен. 1812-ж. Наполеон Россияга жортуул жасаарында Варшава герцогдугун Франция армиясы негизги база катары пайдаланган. Вена конгрессинин (1814—15) чечимине ылайык Варшава герцогдугунун территориясы Россия, Австрия жана Пруссияга болуп берилген (Краков шаарыннан башкасы). Краков ушул 3 өлкөнүн протектораты катары өз алдынча Краков республикасы болуп түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.