Василевская Ванда Львовна

Википедия дан

Василевская Ванда Львовна (21.1.1905, Краков -29.7.1964, Киев) - поляк жазуучусу, коомдук ишмер, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1946, 1952). Краков Университетин бүтүргөн (1927). Поляк тилинде жазган. Ал «Күндүн келбети» (1934) повестинин, «Ата журт» (1935) романынын автору. «Суу үстүндөгү ыр» («Саздагы жалын», 1940; «Көлдөгү жылдыздар», 1945; «Дарыялар алоолойт», 1951) үчилтигинде бурж. Польшадагы элдердин улуттук-боштондук күрөшүн чагылдырган. «Көк желе» (1942) повестинде адамдардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерин сүрөттөгөн. Василевская 1940-64-жылы СССР Жогорку Советинин (1-6-шайланышы) депутаты, Бүткүл дүйнөлүк тынчтык советинин мүчөсү болгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]