Василий Суриков

Википедия дан

Суриков, Василий Иванович (1848, Красноярск – 1916, Москва) – орус тарых живописчиси. Петербург САда П. П. Чистяковдон таалим алган (1869–75). Петербург САнын анык мүчөсү (1893). Көчмө сүрөтчүлөр шериктештигине (1881-жылдан), Орус сүрөтчүлөр союзуна мүчө. С. орус тарыхынын маанилүү учурларына кайрылып, чыгармаларында өз мезгили койгон суроолорго жооп табууга умтулган. Ал 80-жылдары “Аткычтарды дарга асуу таңы” (1881), “Меншиков Берёзоводо” (1883), “Боярыня Морозова” (1887, бардыгы, Третьяков галереясы) сыяктуу тарыхый темадагы полотнолорун жараткан. С. түркүн психологиялык абалдагы адамдарды баш коштуруп, окуянын маңызын ачкан новатордук типтеги композиция түзгөн. Анын чыгармаларынын жалпы колорити, түс тактарынын ыргагы, боёо фактурасы жана багыты адамды психологиялык мүнөздөө жагынан чегине жетип, символикалык, мааниге өсүп чыккан. С. – андан башка да (“Кар чепти алуу”, 1891; “Ермактын Сибирди багынтышы”, 1895; “Суворовдун Альпыдан ашуусу”, 1891; бардыгы орус музейинде) тарыхый сүрөттөр менен портреттердин автору. Москвада сүрөт институту С-дун ысымында. Красноярскиде С-дун үй-музейи бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]