Василий блаженный храмы

Википедия дан

Василий блаженный храмы (эски аты Покровский собору) орус архитектурасынын эстелиги. Казан хандыгын багындыргандын урматына 1555-61-жылы Москвада Соода аянтына (азыркы Кызыл аянт) тургузулган. Керегеси бышык кыштан, таманы ак таштан салынган. Архитекторлор Барма жана Иван Яковлев (ылакап аты Постник). Храм өз мезгилиндеги курулуш өнөрү боюнча эң мыкты үлгүлөрдөн болуп саналат. Борбордук бийик храмга мунара түрүндөгү 8 храм курчай салынган. Азыр ал тарых музейинин филиалы. Кызыл аянттагы объекттердин катарында Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]