Мазмунга өтүү

Васильевдер

Википедия дан

Васильевдер (окшош фамилиялуулар, псевдоними — бир тууган Васильевдер) — фамилиялары уйкаш орус кинорежиссёрлору жана сценаристтер. Георгий Николаевич (25.11.1899, Вологда — 18.6.1946, Москва) — РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1940). Журналист, 1924-жылдан кинорежиссёр, Сергей Дмитриевич менен бирге иштеген. Ленин жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Сергей Дмитриевич [22.20(4.11). 1900, Москва — 16.12.1959, Ленинград] — СССР эл артисти (1948). Алгачкы режиссёрлук иши — «Муздагы эрдик» (1928) документ фильмин биргелешип тартышкан. «Уйкудагы сулуу» (1939) фильминде алар биринчи жолу жалпы псевдоним менен чыгышкан. Васильевдердин атагын чыгарган «Чапаев» фильми (1934; СССР мамлекеттик сыйл., 1941). Васильевдер үндү колдонууда жана музыканы чечмелөөдө кинорежиссура искусствосун жаңы баскычка көтөргөн. Васильевдер андан башка «Волочаев күндөрү» (1937), «Царицын коргонуусу» (1941; СССР мамлекеттик сыйл., 1942), «Фронт» (1943) фильмдерин биргелешип тартышкан. Сергей Дмитриевич «Шипка баатырлары» (1955), «Октябрь күндөрүндө» (1958) фильмдерин койгон. Ал «Ленфильм» киностудиясынын көркөм жетекчиси (1944—49), директору (1955—57) болгон. Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган. Бир тууган Васильевдер атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгынынбелгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]