Вассерман, Август

Википедия дан

Вассерман, Август (21. 2. 1866— 16. 3. 1925)— немец микробиологу жана иммунологу.

  • 1902-жылдан Р. Кох институнун проф., Берлиндеги эксперименттик терапия институнун директо­ру (19131925).
  • Вассермандын негизги изилдөөлөрү холера, келте жана дифтерия ооруларындагы иммунитет пайда болуу процессинде сыркоо адамдын канынын сары суусунун өзгөрүшүнө арналган.
  • 1906-ж. А. Нейссер жана К. Врун менен бирдикте көтөн жара оорусун аныктоо үчүн атайын методду — Вассерман реакциясьш иштеп чыккан.
  • Вассерман түрдүү жаныбарлардын белокторунун иммунологиялык өзгөчөлүгү бар экенин аныктаган (1901).
  • Туберкулёз, шишик ж. б. оорулардын серологиялык аныктоо методдорун жөнгө салган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.