Ватин

Википедия дан

Ватин - бир же эки жагы тең түктүү кездеме. Ватин кездеме же трикотаж токуучу станоктордо кебезден же жүндөн токулат. Жарымы жүндөн токулган Ватиндин аркагы кебез, эришн жүн болот. Ватин жылуу кийимдерди даярдоодо ичилик катары пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.