Ваххабизм

Википедия дан

Ваххабизм — диний-саясий кыймыл, көпчүлүк өлкөлөрдө секта катары таанылган жана XVIII кылымда түзүлгөн Сауд Арабиянын диний идеологиясы болуп саналат. Бирок вахха­бизм Сауд Арабиянын расмий идеологиясы («расмий дини») деп айтуу туура эмес. Анткени падышалыктын расмий иш кагаздарында мамлекеттик дин катары ислам (ачыктоосу жок) жарыяланган. Ушуга карабастан «салафиттик доктри­на» — деп Абдуль Ваххабдын 1 окуусун аташат жана мамле­кет тарабынан таанылат. Диний окутуучунун эмгектери, негизинен бир кудайга ишенүүгө (таухид2) арналгандар, дайыма кайрадан чыгарылып, изилденет жана элге жайылтылат.

Ушинтип, «Ваххабизм» термини Мухаммад ибн Абд аль- Ваххаба ат-Тамиминин атына коюлган. Бул агымдым өкулдөрү бул аталыштан баш тартышат, алар өздөрүн салафиттер деп аташат жана кыймылды саясий эмес диний кыймыл катары таанышат. Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб чыныгы ислам Мухамед пайгамбардын жолун жолдоочулардын би­ринчи үч мууну тарабынан («Ас-Саляф ас-Салих») жашалган деп жана андан кийинки кирген жаңылыктарга каршы чыгып, аларды сырттан алынып келинген калп деп эсепгеген. Ваххабиттер окуялардын мүрзөлөрүнө зыярат кылууну, маркумдарга сыйынуу катары эсептешет. Алардын көз карашы

боюнча Мухаммед пайгамбардын туулган кунун белгилөө (маулид3) макрух (ылайыксыз жана уят) болуп эсептелет.

Ваххабизмдин негизги догматтары:

·    таухид принцибин катуу сактоо;

·   диндеги жацылыктардан баш тартуу (бид'а);

·    жалпы таклидди сындоо (кандайдыр бир мазхабды4 ээрчүү);

·    Аллахка тиешелүү бардык нерселер «болгондой» кай­мана сөз кошпой жана жаралганга окшоштурбай түшүндүрүлөт деп айтуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8