Ваххабчылык

Википедия дан

Ваххабчылык, ваххабизм - суннизмдеги диний саясий агым. Аравияда 17-кылымдын орто ченинде диний үгүтчү Мухаммед ибн Абдаль-Вахаб (1703-87) тарабынан негизделген. Анын окуусунун өзөгү бирден-бир жараткан Кудай жалгыз өзү деген түшүнүк. Алла гана жаратуунун булагы, ошондуктан бир Кудайдын өзү таазим кылууга, сыйынууга татыктуу, бирок мусулмандар жаңылык киргизебиз деп, ар кайсы ыйыктарга ибадат-таат кыла беришип, бул негизден четтеп кетишкен деп эсептешкен. Ваххабчылыктын тарапкерлери исламды алардан тазалоо зарылдыгын жана анын абалкы тазалыгын кайра киргизүүнүн өзгөчө зарураттыгын максат кылып койгон. Ваххабизм ар кайсы ыйыктардын касиеттүүлүгүнө сыйынууну токтотууну көздөгөн агым. Коомдук саясий чөйрөдө социалдык шайкештикти орнотууга, бардык мусулмандарды тууганчылыкка, биримдикке үндөйт. Алар өз тарапкерлерин исламдын тириликтеги адеп-ахлак негиздерин сактоо менен, байлыкка ыгы жок чөмүлүүчүлүккө, ачкөздүккө, зыкымдыкка жана башка терс жоруктарга каршы үндөө менен чыгышкан; көп кудайга ишенүүчүлүккө, исламдын алгачкы негиздеринен тайгандарга каршы күрөш (жихад) жарыялашкан. Ваххабчылар бир катар араб урууларындагы шайыктардын колдоосуна ээ болушкан. 19-кылымдын башында Неж шаарында ваххабчылардын мамлекети пайда болот. Ирак менен Сирияга чабуул жасашып, Меке менен Мединаны каратышат. 1924-жылы Батыш Аравияны басып алышы менен ваххабилердин ири мамлекети Сауд Аравиясы пайда болду. Ваххабчылык кийин Индияга, Индонезияга, Чыгыш жана Түндүк Африкага тарап кеткен. Учурда В. Сауд Аравиясынын расмий идеологиясы. Бир катар араб өлкөлөрүндө ваххабчылыктын жолун жолдоочулар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]