Вахш өрөөнү
Көрүнүш
Вахш өрөөнү — Вахш дарыясынын ортоңку жана төмөнкү агымдарын ээлейт; Тажикстанда. Узундугу 110 км, таманынын бийиктиги 400дөн 1200 мге чейин. Көп бөлүгү аллювий тектеринен турат. Нефть жана газ кендери (Кичи-Бел, Кызыл-Тумшук) бар. Сугат жерлеринде пахта эгилет. Багбанчылык өнүккөн. Вахш өрөөнүндө Нурек, Калининабад шаарлары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4