Вебер, Валерий Николаевич

Википедия дан

Вебер, Валерий Николаевич (1871, Петербург – 1940, Ленинград ш.) – геолог ж-а палеонтолог, геология-минералогия ил. доктору (1937), РСФСРдин илим ж-а техника б-ча эмгек сиңирген ишмери (1839). Петербургда Тоокен ин-тун (1897) бүткөн. 1900–40-ж. геол. комитетте (кийин Бүткүл союздук геол. чалгындоо илимий изилдөө ин-ту) иштеген. 1920-ж. Петербург Тоокен ин-тунун профессору, Орто Азиянын геологиясын системалуу изилдөөгө негиз салуучулардын бири. Мындагы кен жаткан жерлердин бир тобун биринчи жолу мүнөздөп жазган, Фергана аймагындагы Таш-Көмүр, нефть ж-а коргошун кендерин ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]