Вебер (Weber) Альфред

Википедия дан

Вебер (Weber) Альфред (30.7.1868, Эрфурд 2.5.1958, Гейдельберг) - немис экономисти жана социологу. Тарых менен маданият социологиясынын жаңы концепциясын иштеп чыккан. Анын теориясы боюнча тарыхтын өнүгүшү интеллигент (акылман) төбөлдөрдүн рухий чыгармачылыгынын жүзөгө ашырылышы аркылуу аныкталатынча Вебердин түшүнүгү боюнча тарых деген бул дайым өзгөрмө, кыймылдагы жана айрым жактарынан теңсалмактуулугу туруксуз боло берүүчү процесс болгону менен ички жана тышкы түзүлүшү бар. Ички түзүлүшү «тарыхый дененин» кайсынысын болсо да өзүнчө мүнөздөөчү, ар кимиси өзалдынча үч компоненттен: коомдук процесстен (экономика, социалдык алакалар, саясат жана мамлекет), цивилизациялык процесстен (илим жана техника) жана маданий кыймыл-аракеттерден (дин, философия, искусство) турат. Анын ою боюнча социологдун милдети өзүнүн бирдиктүү, мезгилмейкини бар ар бир «тарыхый денедеги» көрсөтүлгөн факторлордун сейрек айкалыштарын (констелляцияны) ачып берүүдө турат. Тарыхтын тышкы курамы Адам менен Жердин өз ара таасир көрсөтүүлөрүнүн жүрүшүндөгү жанаша жашоосун жана өзара катышын сыпаттап берет. Кайра жаралуу доорунда Батыш Европа коомунун түпкүрүндө Жерди активдүү өздөштүрүү жана аны адамдын керектөөсүнө багындыруу тенденциясы пайда болду. Адамзат тарыхында биринчи жолу цивилизациялык компонент маданий компонентке үстөмдүк кылуу абалына жетти. 20-кылымдын башында илим-техниканы чексиз өнүктүрүүгө негизденген Батыш өлкөлөрү, акыры, планетабыз да чектелүү экени менен эсептешүүгө көбүрөөк аргасыз болушууда. Анткени, цивилизациялык процесс менен маданий жылыштардын ортосундагы ажырым Батыш цивилизациясынын «тарыхый денесине» кыйраткыч сокку болорун, ал эми адамзат болсо, жашоонун жаңы шарттарына даяр эместигин көрсөттү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]