Вебтун

Википедия дан

Вебтун -( кор. 웹툰 – бул түштүк кореялык санарип комикс, адатта смартфондон окууга арналган. Вебтунду корей комикстерин сүрөттөө үчүн колдонулган манхва деп атоого болот.

Вебтундардын дүйнө жүзүндө белгилүүлүгүнүн өсүшү, негизинен, манхванын смартфондордо окууга абдан ыңгайлуу болгондугу менен түшүндүрүлөт. [1] . Санариптик манхва популярдуу болгон сайын, кагазга басылуучу манхва басмасы азайды. Вебтун түрүндө жарыяланган материалдардын көлөмү азыр мурдагы кагаз түрүндө жарыялангандардын санына жетти .

Форматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык вебтундар жалпысынан бир нече окшоштуктарга ээ: ар бир чыгарылыш бир узун вертикалдуу тилкеде жайгаштырылат (смартфондо же компьютерде окууну жеңилдетүү үчүн бир нече барактын ордуна чексиз полотнону колдонуу); мангадан айырмаланып, алар көбүнчө ак-кара эмес, түстүү, анткени алар кагаз түрүндө сейрек жарыяланат; жана кээ бирлеринде ар бир бөлүмдө ойнолуучу музыка жана анимациялар бар.

Киреше табуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вебтундарды жайгаштырган веб-сайттар ар кандай төлөм моделдерин колдонушат. Айрымдары бөлүмдөрдүн чектелген топтомун акысыз сунушташат, ал эми калгандары акы төлөнөт. Башкалары күнүнө белгилүү бир бөлүмдөрдү гана акы төлөбөстөн окууга мүмкүнчүлүк берет. Вебтун жаратуучулар өз чыгармаларында көрсөтүлгөн жарнамалардан акча таба алышат. 2019-жылга чейин ышкыбоз жаратуучулар күйөрмандары берген кредиттерден акча таба алышкан. Кесипкөй жана ышкыбоз авторлордун алган акчасы барактын канча жолу көрүлгөнүнө жараша болот .

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корей веб-порталы Daum 2003-жылы Daum Webtoon деп таанылган вебтун бөлүмүн түзөт .Ага улай эле 2004-жылы Naver да Naver Webtoon бөлүмүн түзгөн .Бул кызматтар байма -бай акысыз вебтундарды жарыялап турушат .

2014-жылга чейин Naver 520 ,Daum 434 вебтун жарыялашкан .

2010-жылдан тарта Tappytoon жана Spottoon сервистери официалдуу түрдө вебтундарды англис тилине которо баштайт .

Англис тилине которулган белгилүү вебтундар :

"Лукизм ","Кол тийбес","Юминин клеткалары","Жүрөгүңдүн үнү ","Айгакчыны өлтүрүү","Оюнчу ","Тоо падышасы ","Кудайдын мунарасы "ж.б.

  1. Millions in Korea are obsessed with these revolutionary comics — now they're going global