Вегетатив неврозу
Вегетатив неврозу - вегетатив нерв системасынын функциясынын бузулушунан пайда болгон ар түрдүү оорулар.
Көп капа болуу, кайгы тартуу, үй-бүлөдөгү жанa иштеген мекемедеги узакка созулган тескери эмоциялар вегетатив нерв системасы аркылуу адамдын денесиндеги кээ бир органдардын иштерин начарлатып, Вегетатив неврозу пайда кылат. Вегетатив неврозу жалпы жанa жекече болуп бөлүнөт.
Жалпы неврозго: истерия, неврастения, психоастения; жекечесине: айрым органдардын (карындын, өт кабыкчасынын, жүрөктүн ж. б.) невроздору кирет. Оорунун белгилерине таман менен алакандын тердеши, чыйрыгуу ж. б. кирет. Жүрөк неврозунда жүрөктүп тушу ооруп, тамыр тез-тез кагат, кээде анын ритми бузулат. Карын неврозунда көңүл айныйт, кекиртет, зарна болот.
Вегетатив неврозу функциялык оору болгону менен көпкө созулуп кабылдап кетсе, ал бара-бара ошол органдардын орг. оорусуна алып келиши мүмкүн.
Өз убагында аныктоонун, дарылоонун жанa алдын алуунун абдан чоң мааниси бар. Дарылоонун эң негизгиси — психотерапия.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.