Вегетатив органдары

Википедия дан

Вегетатив органдары (өсүмдүктөрдө) — организмдин жекече тиричилигин камсыз кылуучу дене бөлүктөрү.

  • Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктүн денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн Вегетатив органдары - сабак, жалбырак, тамыр.
  • Жалбыракта фотосин­тез, газ алмашуу жанa транспирация процесстери жүрөт; тамыр өсүмдүктү өскөн жерине бекитет жанa андан сууну, минералдык туз дарды алат; сабак жалбырак менен тамырды байланыштырат жанa денеге тирек болот.
  • Вегетатив органдарынын тышкы жанa ички түзүлүшү алардын аталган функцияларын аткарууга ылайыктангап.
  • Алар вегетатив көбөйуу кызматын да аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.