Вегетациялык көбөйүү

Википедия дан

Вегетациялык көбөйүү - жыныссыз көбөйүүнүн көп клеткалуу организмдерге мүнөздүү түрү; энелик организмдин бөлүктөрүнөн жаңы организмдин пайда болушу. Мындай көбөйүү микроорганизмдерде, жөнөкөй түзүлүштүү жаныбарларда жана дээрлик бардык өсүмдүктөрдө кеңири тараган. Вегетациялык көбөйүү балырларда таллому менен, козугарында мицелийдин жана споранын бөлүнүшү менен жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр вегетация органдары менен көбөйөт. Көпчүлүк өсүмдүктө бүчүрү, жалбырагы, сабагы, тамыры вегетациялык көбөйүүгө ылайыкталган. Айрым өсүмдүктөр мурутчасы, түймөгү, пияз түбү, тамыр-сабагы; кулпунай, бүлдүркөн, байчечекей жана башка сойломо сабагы же мурутчалары; картошка, пияз, мандалак түймөктөрү жана пиязтүбү менен көбөйөт. Мөмө-жемиш өсүмдүктө тамыры, сабагы менен көбөйтүү жана кыйыштыруу колдонулат. Негизинен жетелеме муруту, чырпыгы жана калемчеси менен көбөйтүлөт. Жетелеме жолу (бүчүрү бар бутакты) энелик өсүмдүктөн ажыратпай жерге ийип топурак менен көөмп коюп, тамыр байлап өсүп чыккандан кийин энелик өсүмдүктөн ажыратып, өзүнчө отургузат. Калемчесинен көбөйтүүдө өсүмдүктүн белгилүү шартта тамыр байлооого же бүчүрлөөгө жөндөмдүү бөлүктөрү пайдаланылат. Жаныбардын вегетациялык көбөйүүсү бүчүрлөө жолу менен жүрөт (гидралар, коралл полиптери). Ичеги көңдөйлүүлөр, жалпак курттар, деңиз жылдыздарынын денеси бир нече бөлүккө бөлүнүп көбөйөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]