Веданта

Википедия дан

Веданта (санскритче: वेदान्त сөзмө-сөз Ведалардын акыры; дагы бир мааниси Ведалардын аяктоочу бөлүгү) - Индиядагы байыркы диний-философиялык ойдун кеңири белгилүү жана таасирдүү системасы, индуизмдин философиялык негизи. Брахман менен атмандын төптөштүгү жөнүндөгү окууну иштеп чыгышкан диний-философиялык мектептердин жыйындысы. Веданта дүйнө жарала электен мурда эле болгон, алар брахмандын деминен келип чыккан. Анын билимге, брахман билимине (брахма видьесине) жетүү бир катар шарттарды талап кылат: түбөлүк жана утурумдук болмуштун ортосундагы айырмаларды аңдоо; материалдык сыйдан бул жашоодо да, келечекте да баштартуу; анан алты сапатка ээ болуусу (рухунун калбааттыгы, топуктуулук, баарынан кечкендик, бардаштуулук, ыкыластуулук, диний ишеним) абзел. Ведантанын өнүгүүсүндө 3 нормативди бөлүп карашат. 1) Огожо ой жүгүртүүлөр менен Ведалардын маңызына түшүнүк беришкен жана брахман атман, пуруша, пракрит, жняна, майя сыяктуу Ведантанын негизги түшүнүктөрүн чечмелеп беришкен Упанишадалар. 2) «Веданта-сутра» (же «Брахма-сутра») чыгармасын Бадараяна (биздин заманга чейинки 4-3-кылым) деген акылман жазган дешет. Бул мерчемдеги Ведантада Упанишадалардын алда канча системалуу, иреттелүү тажрыйбасына Брахмандын эң жогорку реалдуулугун негиздөө, анын көрүнөө дүйнө менен жеке рухка карата мамилеси, ошондой эле диний сабыркоолор менен көзгө көрүнгөн көп түрдүү жашоо формаларын жараштырып, бирдейликке жеткирүү. 3) Бул мерчемге «Брахма-сутрага» көптөгөн чечмелөөлөр жана Ведантанын андан аркы проблемаларын иштеп чыгуулар мүнөздүү. Веданта Индиянын бардык филос. системасында алдыңкы ролду ойноп келди. 20-кылымдын индиялык аягында да Ведантанын боёгу өчө элек. Ведантанын негизги философиялык категориялары: брахман (космостук рух); атман (жекече рух); пуруша (абстракттуу рухбашат); пракрити (абстракттуу затбашат, табият); артха (маани, максат); жняна (билим); авастха (психикалык абал) жана майя (иллюзия, куру кыял) жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]